Whatsapp шилтемеге кантип текст бекитсе болот?

Web10.05.2022 5 👀

Вотсап текстке мындай шилтеме жасаш керек болуп, бирок кандай кылынат экендигин билбей жатсаңыз, бул шилтеме сиз үчүн.

Биринчи ыкма

Вотсаптын официалдуу сайтында мындай инструкция берилген:

Чат башташ үчүн: https://wa.me/1XXXXXXXXXX
бул жерде 1XXXXXXXXXX ордуна сиз өз номуруңузду коёсузМисалы мындай: 996555139603

Даяр кат менен ачылышы үчүн:
https://wa.me/1XXXXXXXXXX?text=Мен%20сиздин%20кызматыңызга%20кызыктармын
бул жерде номурду жогорудагыдай эле көрсөтөсүз(1XXXXXXXXXX ордуна). Кошумча маалыматтарды болсо “?text=” дегенден баштап “%20” деген белгилер менен кезектештиресиз.

Автоматтык жолу

Бул нерсени автоматтык түрдө да кылса болот жана ал көп убактыңызды сарптайт. Сизге бул сайт аркылуу номуруңузду жазып, текстиңизди жазып, “Создать ссылку” дегенге бассаңыз, сизге сайт автоматтык түрдө жасап берет.

Бекер шилтемелер конструктору: https://whatsaps.ru/

Муну кимдер колдонушат?

Муну бардык сатуу же тейлөө жаатындагы адамдар же ишканалар колдонушат.

Шилтемени басуу аркылуу колдонуучу алдын ала толтурулган билдирүүнү колдонуп, сүйлөшүүнү баштай алат, ал сатуу же тейлөө тобуна ниети жөнүндө маанилүү маалымат берип, баарлашууну эффективдүү кылганга жардам берет.

5 👀

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.