Жакында эле, жаңы мода өзүн жарыялады. Көрсө, эмодзилердин смайликтерин iPhone телефонундагы тексттик билдирүүлөргө гана кошпостон, сааттын жанындагы абал тилкесинде да жайгаштырса болот экен. Эми маанайды жараткан жүрөк, жарык же башка символ болушу мүмкүн. Бул кооз жана кызыктуу көрүнөт.
Бул мүмкүнчүлүк iPhone’го iOS 15ке жаңыртуу менен келген жаңы «Фокус»(Фокусирование) режиминин аркасында пайда болду. Албетте, режимдин өзү бул бейкүнөө жасалгадан тышкары бай функционалдуулукка (деталдуу түрдө) ээ. «Фокус»(Фокусирование) бардык алаксытуулардан, анын ичинде белгисиз номерлерден чалуулардан, мессенджерлерден келген эскертмелерден жана башкалардан арылууга мүмкүндүк берет. Бул режимдин бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга даяр эмес болсоңуз да, жок дегенде iPhoneуңузду кооздоңуз. Бирок, «Фокус»(Фокусирование) анын бардык өзгөчөлүктөрүн изилдеп, колдонулууга татыктуу.
Кантип iPhone’догу абал тилкесине эмодзилерди кошуу керек?
1. “Орнотуулар”(Настройки) колдонмосун ачып, Фокус бөлүмүн тандаңыз.
2. Сиз жаңы планды кошушууңуз керек болот, бул үчүн жогору жактагы «+» белгисин басыңыз.
3. Фокус опциялары менен калкыма терезе пайда болгондо, биринчисин, «Ыңгайлаштырууну»(Собственное) тандаңыз.
4. Пландын аталышы бар терезеде ага эмотиконуңузду жана түсүңүздү коюңуз.
5. Жаңы планга ат бериңиз.
6. Андан кийин сиз фокус режимин жакшылап тууралап, ал үчүн чалууларды жана эскертмелерди өчүрө аласыз.
Бул жөндөөлөр менен өтө этият болуңуз, болбосо маанилүү чалууларды, билдирүүлөрдү жана колдонмо эскертмелерин өткөрүп жиберишиңиз мүмкүн.
7. Эми Башкаруу борборуна(Пункт управления) барып, «Фокус»(Фокусирование) сөлөкөтүн басып туруңуз.
8. Түзүлгөн режимди тандаңыз.
Белгиленген смайликтин абал тилкесинде, убакыттын жанында пайда болоорун көрөсүз.